Ош шаарынын А.Масалиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктө 4 лифт тесттик режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, лифттер мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандарга каралган.
Сыноо мөөнөтү 10 күн.
Ош мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан өтмөктөгү лифтти колдонууда белгиленген гана жарандардын чыгып-түшүү тартибин так сактоону суранат.