Белград: Айпери Медет кызы финалда жаракат алып калды

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында бутунан жаракат алды.

Финалда Айпери Медет кызы япониялык балбан кыз менен кез келди. Беттештин экинчи бөлүгүндө япониялык балбан Айпери Медет кызынын артына өтүп, артка айлантуу аракетин кылып жатып бутун кайрып алды.

Айпери Медет кызы дарыгерлердин жардамын алган соң беттешти кайра уланткан. Бирок көп өтпөй кайра килем үстүнө жыгылды. Дарыгерлер келип беттешти токтотуу керектигин айтышты.

Муну менен Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда күмүш байге утту.

Беттеш аяктаганда Айпери Медет кызы көзүнө жаш алып, килемди таштап кетти.

Белгилей кетсек, буга чейин Мээрим Жуманазарова дагы колунан жаракат алып, Дүйнө чемпиондугунан четтеп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан