Белград: Бүгүн Акжол Махмудов килемге чыгат. Атаандаш ким?

Бүгүн, 21-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери орун алат.

Бүгүнкү мелдеште грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашат. Кыргызстандан 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов дагы килем үстүнө чыгат. Кыргыз балбанынын алгачкы атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Куре болот.

Акжол Махмудовдун жарым финалга чейинки торчосунда ирандык Гераеи, түркиялык Юнус Басар, өзбекстандык Арам Варданян, болгариялык Айк Мнацаканян сыяктуу күчтүү балбандар бар.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан