Нарындагы Калмак-Ашуусунда унаасы бузулуп, өзү дайынсыз жоголгон жүк ташуучу унаанын айдоочусу Соң-Көлдөн табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Учурда анын абалы канааттандырарлык жана Нарын райондук №42 өрт-куткаруу бөлүгүндө убактылуу баш калкалоодо. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын 4 дөңгөлөгү тең ашуудагы татаал жолдо жарылып калгандыктан, куткаруучулар аны оңдоо ишин жүргүзүп, жардам берүүдө.
Маалым болгондой, Беларустан жүк тартып келе жаткан Димитрий Михадюк компания тарабынан түзүлгөн маршрут боюнча Кыргызстандын аймагына кирип, Нарын облусу аркылуу Жалал-Абад шаарына бармак. Бирок жолдон адашып, Соң-Көл тарапка кирип кеткен.
Ал арада унаасы бузулуп, айдоочу ашууда калган. Ошол учурда ӨКМдин тик учагы учуп баратып, учкуч айдоочунун кол булгалоосунан улам жардам керектигин түшүнүп дароо 112 кызматына кабарлаган.
Учкучтун кабарлоосу менен ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган МАН үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Ошондой эле куткаруучулар унаанын кээ бир дөңгөлөктөрү жараксыз болуп калганын байкашкан.
Эртеси унаанын ээсин издөө иштери уланып, аны Соң-Көл жайлоосундагы мейманкалардын бирине жергиликтүү тургундар жеткиргени белгилүү болгон. Куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.