Ысык-Көлдө кыргоолго аңчылык кылган эки жаран кармалды (фото) 

Ак-Суу районунда кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
20-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейд учурунда Ак-Суу районунун Челпек айылынын жанынан Таш-Кыя айылынын 29 жаштагы тургуну А.М. жана Бурма-Суу айылынын 30 жаштагы тургуну М.Э. мыйзамсыз аңчылык кылган жеринен кармалып, алардан атылган 4 кыргоол жана 2 даана ок атуучу курал алынган.
Текшерүүдө, Таш-Кыя айылынын 29 жаштагы тургунунда ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтери жок болуп чыккан.
Аталган фактылар электрондук журналга катталып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, өкмөттүн 2015-жылдын 23-мартындагы №143 «Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, кыргоолго аӊчылык октябрь айынын биринчи ишембисинен декабрдын экинчи жекшембисине чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан