Жума күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 22-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Кыргызгидромет борбору батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жете турганын эскертти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17 градус жылуу болсо,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16 даражага жетет.

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22ге чейин жылыйт.

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14 даража болот.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +15…+17 грдуска чейин жылыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан