Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 10-сентябрда А.Ж. аттуу Бишкек шаарынын тургуну чала тааныш "М" аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу июль айында чала таанышы ага мурда башка адамдардан ижарага алган Тойото Ист үлгүсүндөгү унааны 500 миң сомго сатканын жана ошол бойдон из жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү деп 1998-жылы туулган К.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.