Бүгүн, 21-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда норвегиялык Пьер Андерс Куре аттуу балбан менен кез келди. Биринчи бөлүктө Акжол Махмудов ассивдүү күршкнү үчүн калыс кыргыз балбанын партерге койду. Андан норвегиялык балбан 2 упай алды.
Андан кийин Акжол Махмудов дароо эле 4 упайлык ыкма жасап, атаандашынын далысын жерге таза басты.
Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Дүйнөнүн учурдагы чемпиону.