Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө таанылбаган Тоолуу Карабахта орусиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөрдүн өлүмү үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу Кремль билдирди.
"Болгон окуя боюнча эң кылдат иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын ала турганы баса белгиленди. Азербайжандын президенти ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди", - деп жазылат Кремлдин билдирүүсүндө.
Орусиянын Коргоо министрлиги кечээ, 20-сентябрда Карабахта орусиялык аскерлер курман болгонун билдирген. Орусиянын аскерлери Жаңытаг айылынын жанында унааны аткылоодон каза болушкан. Унаага ким ок чыгарганы тууралуу маалымат жок.