Бүгүн, 21-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтынчы күндүк беттештери уланууда.
Күрштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта эки сенсация орун алды. Тагыраагы дүйнөлүк рейтингде экинчи орунда турган түркиялык Юнус Басар 1/8 финалда грециялык балбанга жеңилип калды.
Ошондой эле дагы бир фаворит ирандык Мохаммадали Гераеи япониялык балбанга 5:5 эсебинде жеңилип калды.
Бул жеңилген эки фаворит балбан тең Акжол Махмудовдун торчосунда болчу.