Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
1/8 финалда Акжол Махмудов египеттик балбан менен кез келди. Анда биринчи бөлүктө кыргыз балбаны атаандашынын артына өтүп, андан кийин аны укмуштуудай көтөрүп чаап, 4 упай алды.
Экинчи бөлүк башталары менен Акжол Махмудов атаандашынын артына кайра өтүп, эсеп санын 9:0гө айлантты.
Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. Анда кыргыз балбаны өзбекстандык Арам Варданян менен кез келет.