Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Чейрек финалда Махмудов өзбекстандык Арам Варданян менен кез келди. Анда Акжол Махмудов ишенимдүү түрдө күрөшүп, атаандашына 1 дагы упай бербестен 6:0 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Белгилей кетсек, бул эки балбандын экинчи ирет кездешүүсү. Эки балбан алгачкы жолу былтыр Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам оюндарында кез келген. Анда Акжол Махмудов 7:5 эсебинде жеңишке жеткен.