Кытай Эл
Республикасынын улуттук китепканасына Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларынын
топтому тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз
кызматы билдирет.
Маалыматка
караганда, улуу жазуучунун чыгармаларын тапшыруу аземи 13-декабрда Пекин
шаарында болгон. Ага Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин
мүчөлөрү, КРнын КЭРдеги элчилигинин өкүлдөрү жана КЭРдин дипломаттары катышкан.