Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда

Бишкекте жарнамаларды иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Чүй проспектисин бойлой Фучик көчөсүнөн баштап Манас проспектисине чейин 6 даана «Л» жана «Т» формасындагы көрнөк-жарнак конструкциясы алынды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жеринде «Тазалык» жана «Бишкекжарык» ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышты.

Белгиленгендей, жарнамаларды иретке келтирүү иштери шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнак-маалыматтарды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан