Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык Кусака аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 7:5 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.
Бул лицензия Кыргызстан үчүн Париж Олимпиадасына төртүнчү лицензия болду. Буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы, суучул Денис Петрашов Олимпиадага лицензия утушкан.