Бүгүн, 21-сентябрда канттык "Абдыш-Ата" клубу АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык "Алтын-Асыр" клубун кабыл алды.
Оюн алдында эки команданын оюнчулары жол кырсыгынан каза болгон кыргыз футболчусу Ааламбек Абылкасымовду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Оюн 3:0 эсебинде "Абдыш-Ата" клубунун жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, маркум Ааламбек Абылкасымов "Абдыш-Ата" клубунун тарбиялануучусу болгон.