Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде июль айындагыга караганда бир сапка жогору көтөрүлдү. Рейтингди аталган уюм расмий сайтында жарыялады.
Анда "Ак шумкарлар" 208 өлкөнүн ичинен 96-орунга жайгашты. Ал эми АФКда (Азия Футбол Конфедерациясы) улуттук курама 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.
Рейтингде алдыңкы сапты Аргентина, Франция жана Бразилия ээледи.
Ал эми Азия Кубогунда Кыргызстан кирген "F" тайпасындагы командалардын рейтингинде Сауд Арабия 57-орун, Оман 73-орун жана Таиланд 112-орунду ээлешти.