Бүгүн, 22-сентябрда Нарын районундагы Кичи Кара-Кужур өрөөнүнө кар жаады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Видеодо көрүнгөндөй, аталган өрөөнгө кар кыштын күнкүдөй жааган. Видеонун автору аябай суук болуп жатканын, малдар бир жерге токтобой калганын айтты.
"Айылда жер иштери бүттү беле? Бизде кар жаап, аябай суук болуп жатат. Мына карагылачы, кошунам көрүнбөй калды", - деди ал.