Кечээ, 21-сентябрда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.
Финалда кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңди.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду. Буга чейин ал 2019-жылы Астанада, 2021-жылы Ослодо өткн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.
Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешинен кийинки эмоцияларын тартуулайбыз.