Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз РИИБине Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну бейтааныш жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу белгисиз жаран июнь айында аны Европага жумушка орноштурууну убадалап, кызматы үчүн 40 миң сом которттуруп алып, андан кийин телефонун өчүрүп, алдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы Р.К. аттуу тургуну кармалып, 21-сентябрь күнү райондук соттун чечими менен тергөө абагына киргизилди.
"Милициянын тергөө кызматы кармалган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткандардын саны көп болушу мүмкүн экенин белгилейт. Буга байланыштуу жабырлануучулардан Жети-Өгүз РИИБге кайрылууну суранат", - деп айтылат билдирүүдө..