Жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан ата-баланы Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу сүзүп кете жаздады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Окуя кечээ, 21-сентябрда болгон. Анда окуучу баласын жетелеп алып жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан кишини Honda Stepwgn унаасынын айдоочусу сүзүп кете жаздаган. Унаанын айдоочусу алгач токтоп, андан кийин качып кеткен. Аны жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан киши артынан кубалады.
Окуя кайсы жерде болгону азырынча белгисиз.