Бүгүн, 22-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери орун алат.
Бүгүнкү мелдеште грек-рим күрөшү боюнча балбандар күч сынашат. Кыргызстандан 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов килем үстүнө чыгат.
Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт. Анда кыргыз балбаны литвалык Юстас Петравичюс аттуу балбан менен кез келет.
Бексултан Махмудов дагы алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт. Анда ал алжирлик балбан менен кез келет.
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.