Коңшу Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында 23 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз курамасы Түндүк Корея менен беттешип, утулуп калышты.
Оюн 1:0 эсебинде түндүк кореялыктардын жеңиши менен аяктады.
Бул Кыргыз курамасынын Азия оюндарындагы экинчи жеңилүүсү. 19-сентябрда "Ак шумкарлар" Индонезияга 2:0 эсебинде жеңилип калган.