Жөө өтмөктөн ата-баланы сүзгөн айдоочу үйүндө жаткан жеринен кармалды. Ал 17 жашта

Бишкек шаарында жөө өтмөктөн ата-баланы сүзгөн айдоочу үйүндө жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя Бишкектеги Лермонтов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон.

"Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан адамдарды белгисиз айдоочу Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада 8 жаштагы жеткинчек К.А. ооруканага кайрылган. Издөө иштеринин жыйынтыгында айдоочу Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган Л.Н. экендиги аныкталып, үйүндө жаткан жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү", - деп билдиришти Кайгуул кызматынан.

Ал эми Honda Stepwgn унаасы айып короого киргизилди. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан тийиштүү эксперитизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

Жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан ата-баланы унаа сүзүп кете жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Рахманбек
2023-09-22 12:46:00
Маданиятсыз, тарбиясыз колхоз, экен айдоочу.
+2
Azat-123
2023-09-22 13:30:00
айдоочуларды жыл сайын психотерапиядан өткөрүп туруу зарыл
+1
XATSAN125
2023-09-22 13:54:00
Жакшылап штраф салып 56 жыл унаа айдабай турган кылыш керек башка сойрукторго сабак болуш учун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан