SIM-картаны каттоокоопсуздуктун кепилдиги

Сиз номериӊизди өзүӊүзгө каттатып алдыӊызбы? Эгер так жообун берүү сиз үчүн кыйынчылык жаратса, анда бул боштукту толтурууга убакыт келди. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору номериӊизди өз атыӊызга каттап алуунун маанилүүлүгү жана артыкчылыктары тууралуу эсиӊизге салат.

Сиз бир нече секунданын ичинде каттоо статусуңузду текшере аласыз. Ал үчүн Beeline абоненттери жөн гана *142# буйрутмасын терип, чалуу жасап, номердин ээси тууралуу маалымат камтылган SMS билдирүүнү күтүшү керек. Эгер сиз өзүңүздүн инициалдарыӊызды көрсөңүз, анда баары жакшы – сиз катталган колдонуучусуз. Болбосо, номерди сиздин атыңызга каттоо керек.

Бул эмне үчүн мынчалык маанилүү? Биринчи жана эң маанилүү аргумент – бул сиздин жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугу. Көп учурда телефон номерине банк карталары, электрондук капчыктар, социалдык тармактардагы аккаунттар жана башка көптөгөн нерселер байланган. Каттоо бул өтө маанилүү маалыматты шылуундардын аракеттеринен коргойт. Мындан тышкары, сиз төмөнкүлөрдү жасай аласыз:

• байланышта болуу үчүн SIM-картаңызды же телефонуңузду жоготуп алсаңыз, номериңизди оңой калыбына келтиресиз,

• номериңизди оңой жана эффективдүү башкарасыз,

• окуялардын детализациясын аласыз.

Каттоо процедурасы жөнөкөй, тез жана толугу менен акысыз. Биринчи ыкма – жакынкы Beeline кеңсесине барып, консультанттарга кайрылуу. Болгону өздүгүӊүздү тастыктоочу документ жана келишимди тариздөө үчүн бир нече мүнөт керек.

Экинчи ыкма – бул номерди өз алдынча «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинен каттоо. Баары жөнөкөй: негизги менюну ачып, «Дагы» бөлүмүндө, «Катталуу» кошумча бөлүмүн таап, жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

Beeline кеңсесинен же тиркемеден номерди каттагандан кийин, сиз жеке маалыматтарыңыздын корголушуна ишенимдүүлүктү гана эмес, белек катары 5 ГБ интернет да аласыз.

Beeline: 25 жыл бою ар бир адам үчүн мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан