Супер концерттин 2-күнү башталды

Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтүп жатат. Учурда эл залдан орун алып, концерт башталды. Элдин маанайы беш.
Концертти "We`ll be" бий тобу ачты. Алар менен кошо ырчылар Асел Кадырбекова, Дайыр Исмадияров, Даниель, Жоодарбешим, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жана Малика-Дина бийлөөдө.
Эске салсак, кечээ, 13-декабрда Супер концерттин биринчи күнү өтүп, анда жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Жыйынтыгында, Керемет Жеңишова "SUPER.KG ажары-2013",  Айзуура Иманалиева "Сымбаттуу сулуу-2013", Рахима Кускакова "Ажарлуу сулуу-2013" наамдарына ээ болушту. Ал эми "Супер сулуу-2013" наамына Орункүл Шабралиева ээ болду. Ага баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган күмүш таажы кийгизилип, экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө  жолдомо тапшырылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан