Дубайда тургундар жаңы чыккан iPhone 15 смартфонун биринчилерден болуп сатып алуу үчүн бири-бири менен мушташышты. Окуянын видеосу учурда интернетте тарап жатат.
Бүгүн, 22-сентябрда Apple компаниясы iPhone 15 смартфонун сатыкка чыгарды. Аталган моделдин күйөрмандары кечээ эле БАЭдеги соода борборлорунда кезекке турган. Айрымдары эки күндөн бери кезек күткөнү айтылууда.
Дүкөндөр эшигин ачары менен тургундардын ортосунда ызы-чуу чыккан. Натыйжада бир нече күзөт кызматкерлери жабыркаган.
Эске салсак, 12-сентябрда Apple компаниясы iPhone 15, iPhone 15 Plus, iPhone 15 Pro жана Pro Max уюлдук телефондорунун презентациясын жасаган. Компаниянын маалыматына караганда, 128 гигабайт көлөмүндөгү iPhone 15тин баасы 799 доллар, ал эми iPhone 15 Plus 899 долларга бааланган. Ал эми 128 гигабайттык iPhone 15 Pro'нун баасы 999 доллардан башталса, ал эми 256 гигабайттык 15 Pro Max 1199 доллар экени айтылган.