Бүгүн, 22-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери уланууда.
Күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмакта сенсация орун алды. Тагыраагы, молдовалык фаворит балбан Виктор Чобану алгачкы жүрүшүндө эле япониялык Кэнъитиро Фумита менен кез келип, атаандашына 3:1 эсебинде жеңилип калды.
Бул эки балбан тең биринчи торчодо болсо, Жоламан Шаршенбеков экинчи торчодо.