Белград: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы командалык эсепте 8-орунду ээледи

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта командалык эсепте 56 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээледи.

Ал эми 6 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип, 195 упай менен жалпы командалык эсепте биринчи сапка Япония курамасы жайгашты. АКШ курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болуп, 135 упай менен экинчи орунду ээледи. Ал эми Монголия курамасы үч күмүш медаль утуп, командалык эсепте 3-орунга жайгашты.

Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугу 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыса, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнүн жыйынтыгы:

50 килограммга чейин

  1. Юи Сусаки (Япония)
  2. Отгонжаргал Долгоряв (Монголия)
  3. Цзыци Фэн (Кытай)
  4. Сара Хельдебрант (АКШ)

53 килограммга чейин

  1. Акари Фудзинами (Япония)
  2. Ванесса Колодинская (Беларусь)
  3. Люция Йепез Гусман (Эквадор)
  4. Антим Антим (UWW)

55 килограммга чейин

  1. Харуна Окуно (Япония)
  2. Джакарра Винчестер (АКШ)
  3. Мариана Драгутан (Молдова)
  4. Анастасия Блайвас (Германия)

57 килограммга чейин

  1. Цугуми Сакураи (Япония)
  2. Анастасия Ничита (Молдова)
  3. Одунайо Адекуоройе (Нигерия)
  4. Хелен Марулис (США)

59 килограммга чейин

  1. Ци Чжан (Кытай)
  2. Юлия Ткач (Украина)
  3. Дженнифер Роджерс (АКШ)
  4. Отели Хойи (Норвегия)

62 килограммга чейин

  1. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
  2. Сакура Мотоки (Япония)
  3. Грейс Буллен (Норвегия)
  4. Ирина Коляденко (Украина)

65 килограммга чейин

  1. Нонока Озаки (Япония)
  2. Мэйси Килти (АКШ)
  3. Лили Лили (Кытай)
  4. Мими Христова (Болгария)

68 килограммга чейин

  1. Бусе Тосун (Түркия)
  2. Дельгермаа Энхсайхан (Монголия)
  3. Кумба Ларрок (Франция)
  4. Ирина Рингачи (Молдова)

72 килограммга чейин

  1. Амит Элор (АКШ)
  2. Даваанасан Энх Амар (Монголия)
  3. Жамиля Бакбергенова (Казакстан)
  4. Мива Морикава (Япония)

76 килограммга чейин

  1. Юка Кагами (Япония)
  2. Айпери Медет Кызы (Кыргызстан)
  3. Татьяна Рентерия (Колумбия)
  4. Аделина Грей (АКШ)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан