20 сантиметрге чейинки кар түштү. Ашууларда учурда абал кандай?

Бүгүн, 22-сентябрда "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, ашууларга калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жеткен кар түшкөн. Мекеме жумушчулар жолдорду тазалап, туз-кум аралашмасын себүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Учурдагы ашуулардын абалы:

Бишкек-Ош унаа жолунун 125-136 тилкесиндеги Төө-Ашуу ашуусунда ала булут каптап, кар жаады. №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо, ошондой эле туз-кум аралашмасын себүү иштери аткарылууда. Азыркы учурда каттам ачык, чектөөлөр жок.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5 - 22 чакырым аралыгында Өтмөк ашуусунда 5 сантиметрге чейинки калыңдыкта кар жаап, №36 Жол тейлөө ишканасынын жумушчулары карды тазалоо иштерин жүргүзүштү. Азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда кардын калыңдыгы 20 сантиметрге чейин жеткен. Жалак-Бел ашуусунда кар жаап, № ЖТИ тарабынан жеринде кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда аталган жолдор ачык жана эч кандай чектөөлөр жок.
Бишкек-Ош унаа жолунун 209-228-чакырымындагы Чычкан капчыгайында жааган кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге чейин жеткен. №23 ЖТИ кызматкерлери кардан тазалоо иштерин жүргүзүп, ошондой эле туз-кум аралашмасын себишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан