
Бүгүн, 22-сентябрга карата "Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 1-сентябрдан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү системасы пайдаланууга киргизилген. Учурда биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.
Ал эми экинчи этапта аталган система аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формасындагы ветеринардык сертификаттарды берүүнү ишке ашыруу пландаштырылууда.
Белгилей кетсек, “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы (БТМС) аркылуу ЕАЭБдин форма 1, 2, 3, 4 жана форма 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g ветеринардык сертификат документтерин алууга болот.