Бүгүн, 22-сентябрда Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жетинчи күндүк беттештери уланууда.
Дүйнө чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда литвалык Юстас Петравичюс аттуу балбан менен кез келди. Кыргыз балбаны беттештин негизги убактысы бүтөрүнө бир мүнөт ашык убакыт калганда эле атаандашын 10:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына чыкты. Ал жактан кыргыз балбаны грузиялык балбан менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Дүйнөнүн учурдагы чемпиону.