Супер концерттин башталышына саналуу сааттар калды

Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтөт. Бул концертте жылдын мыктылары аныкталып, аларга статуэтка, дипломдор тапшырылмакчы. Бул жылы "Жылдын супер ырчы айымы", "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамдарына кимдер ээ болот? Ал концерт учурунда аныкталмакчы. Андыктан Супер концертти өткөрүп жибербеңиз.
Эске салсак, кечээ, 13-декабрда Супер концерттин биринчи күнү өтүп, анда жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Жыйынтыгында Керемет Жеңишова "SUPER.KG ажары-2013", Айзуура Иманалиева "Сымбаттуу сулуу-2013", Рахима Кускакова "Ажарлуу сулуу-2013" наамдарына ээ болушту. Ал эми "Супер сулуу-2013" наамына Орункүл Шабралиева татыды. Ага баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган күмүш таажы кийгизилип, экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө  жолдомо тапшырылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан