Ушул күздүн эң негизги спорттук иш-чарасы!

“АКНЕТ” компаниясы Ханчжоу шаарында өтө турган XIX Жайкы Азия оюндарын (“Азиада” деп да белгилүү) түз алып көрсөтүүчү расмий өнөктөшү болуп саналат.

Азия оюндары - бүткүл дүйнөнүн спортчуларын жана көрүүчүлөрүн бириктирген глобалдык иш-чара.

Бул жылы Ханчжоу шаарында Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 10 миңден ашык спортчулар спорттун 40 түрү боюнча күч сынашат.

Анда өлкөбүздүн намысын 230дан ашык адам коргойт. Алардын 162си профессионал спортчулар болсо, калганы машыктыруучулар, кураторлор, медицина кызматкерлери жана журналисттер. Биздин команданын курамында: Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Айбек Кубаныч уулу жана башка көптөгөн Кыргызстандын жана дүйнөнүн чемпиондору бар.

“АКНЕТ” компаниясы бардык спорт күйөрмандарын бул уникалдуу иш-чарага кошулууга жана 23-сентябрда саат 18:00дө iTV AKNET тармагы аркылуу УТРК СПОРТ телеканалынын түз эфиринде өтө турган Жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземинен ырахат алууга чакырат!

Оюндардын ар бир күнү укмуштуудай көз ирмемдер жана унутулгус таасирлер менен коштолот.

8-октябрга чейин УТРК СПОРТ каналы Ханчжоу шаарынан оюндарды түз алып көрсөтүп, спортчуларыбыздын ар бир жеңишине көз салып турат.

Биздин спортчулардын оюнун iTV AKNET тармагынан көрүңүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан