Кыргыз балбаны Жоламан Шаршанбеков Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйн чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты.
1/8 финалда Жоламан Шаршенбеков грузиялык балбан менен кез келип, атаандашын 47 секунддун ичинде 9:0 эсебинде мнөтүнөн мурда жеңди.
Жоламан Шаршенбеков муну менен Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты.
Ошондой эле 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов дагы килемге чыгып, анда чехиялык Артур Омаровго 5:1 эсебинде утулуп калды.