Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты.
Спортчу 60 килограммга чейинки салмакта алгач боливиялык балбанды 10:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште грузиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңди. Чейрек финалда өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде утту.
Ал эми жарым финалдык беттеште ирандык балбан менен күч сынашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.