Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты.
Жарым финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мохсен Нежад аттуу балбан менен кез келип, кыл чайнашкан беттештин аркасында 4:3 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо утту.
Финалда Жоламан Шаршенбеков япониялык Фумита аттуу балбан менен күрөшөт.