"Тарых". Акжол Махмудов катары менен экинчи жолу Дүйнө чемпиону болду

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Финалда Акжол Махмудов азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келди. Биринчи бөлүктө азербайжандык балбан бир упай алса, экинчи бөлүктө Акжол Махмудов 1 упай алды.

Жыйынтыгында эсеп 1:1 болуп, Акжол Махмудов акыркы болуп упай алгандыгы үчүн жеңишке жетти.

Муну менен Акжол Махмудов катары менен эки жолку Дүйнө чемпиону болуп, тарых жаратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан