Белграддагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан Акжол Махмудов кайрылуу жасады.
"Мекендештерим, бардыгыңыздарга чоң рахмат. Сиздердин дубаңыздар менен чоң ийгиликке жетишип турабыз.
Ошондой эле үй-бүлөмө, ата-энеме, агайларыма ыраазычылыгымды билдирем. Бул ийгилик ынтымактын жана биримдиктин арты менен келди", - деди Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов финалда азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, аны 1:1 эсебинде жеңди. Муну менен Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында катары менен эки жолу Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.