Кара-Кулжада 41 жаштагы келин асынып алды

Оштун Кара-Кулжа районунда 41 жаштагы келин асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 19-сентябрь күнү Кара-Кулжа РИИБине ошол эле райондун тургуну аял киши асынып алган боюнча кабар келип түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түнү Кара-Кулжа районунун тургуну 1982-жылы туулган К.В. аттуу жаран короодо асылып турган жерин айылдашы көрүп, 102ге кабар бергендиги такталган.

"Маркумдун жансыз денесине соттук- медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык юридикалык баа берилет. Учурда тергөө иштери улантылууда", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ал эми социалдык тармакта келинди күйөөсү менен кайниси асып салганы боюнча маалымат тарады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан