Атамбаевдин мурдагы жансакчысын УКМКнын кызматкерлери алып кеткени кабарланды

Бүгүн, 23-сентябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери алып кеткени кабарланды. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал билдиргендей, эки кызматкер саат 12:50 чамасында Канат Сагымбаевди автоунаага салып кеткен. Ага чейин суракка же баарлашууга эч кандай чакыруу берилген эмес.

Атайын кызмат бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан