Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлдү.
Кыргыз балбаны жалпы 100 миң упайы менен биринчиге жайгашты. Экинчи орунга армениялык Малхас Амоян 77 миң 100 упайы менен жайгашса, үчүнчүнү 72 миң 275 упайы менен венгриялык Золтан Леваи ээледи.
Кечээ, 22-сентябрда Акжол Махмудов Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утуп, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.