Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында жеңилүү ызасын тартты.
Жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, кубалык Луис Орта Санчес менен кез келип, 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.
Эми Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшөт.