Кечээ, 23-августта мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкектеги Опера жана балет театрында кыз-жигит айтышы болуп өттү. "Тил улуттун тиреги" аталышындагы айтышка Кыргыз улуттук Манас театрынын төкмө акындары жана манасчылары катышты.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгү манас айтуу менен башталып, андан ары элдик, классикалык чыгармаларды аткаруу менен коштолду. Акындар классикага айланган элдик ыр-күүлөрдүн негизинде кыз-жигит айтышын курушуп, өнөр тартуулашты.
Салтанаттын айтыш бөлүгүндө алгачкы жуп болуп сахнага Нурсултан Малдыбаев менен Нурайым Бактияр кызы чыгышты. Жаш акындар ашыктык тууралуу тамашалуу айтыш куруп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүштү. Нурсултан Малдыбаев "Бат эле көндүрөмүн Нурайымды, баатырлык деген мүнөз менен кошо, бабниктик бар эмеспи каныбызда" деп тийишсе Нурайым Бактияр кызы өз кезегинде"Эл акыны болом деп жүрүп, Эл бабниги болуп калба" деп куйкум сөз менен жооп кайтарды.
Андан кийинки болуп сахнага Эл акыны Азамат Болгонбаев менен Ысык-Көлдөн келген акын Жыпара Кожокеева чыкты. Айтышты баштаган Азамат Болгонбаев "Кыз-жигиттердин да, кемпир-чалдардын да тобуна кошула албаган экөөбүздү эмне десе жарашат?" деп өнөгүнө сөз таштады. Ошондой эле "Байчечектей жаш кыз элең бир кезде, балпайган келин болупсуң" деп тийишип өттү. Жыпара Кожокеева буга жооп кылып "Той-ашка соё тургансып, сен дагы бир топ толупсуң" деп жооп кайтарып жетишти.
Кийинки болуп айтыштын ак жылдызы аталган Изат Айдаркулова менен Чыңгызхан Кожош кез келди. Чынгызхан Кожош атаандашын "Элемандын эсин оодарып, Москвага айдадың, Акматбекти ыйлатып, айтышкыс кылып жайладың" деп, курдаштарынын өчүн алам деп ырдап чыкты. Изат Айдаркулова ага "Баарынын өчүн алгыдай, Чыкем өзүн Чыңгызхан сезип алганбы" деп жооп кайтарып өттү.
Сахнага төртүнчү болуп чыккан жуптар Кубат Тукешов менен Жамайка Токонованын тамашалуу айтышы залды кыраан каткырыкка бөлөдү. Сологой акын Кубат Тукешов Жамайка Токонованын кош бойлуулугун ортого салып, "Эркектерге катылып ырдачу элең, кош бойлуу кезиңде андай кыла көрбө " деп чымчып өттү. Буга жооп кылып Жамайка Токонова "Декретке кете элекмин азырынча, дагы далай кактаймын каныңарды" десе Кубат Тукешов "Демитесиң агаңды кайра-кайра, деги бул эминеге талгак болгон" деп тийишти. Жамайка Токонова буга "Жакшы сөзгө, элдин кол чабуусуна, айтышка" талгакмын деп жооп кайтарды. Кубат Тукешов кайрадан кеп кезегин алып, бир кезде Майра Керим кызы дагы кош бойлуу кезинде айтышка чыкканын, кийин уулу Акжолтой Канатбеков чоң акын болгонун айтып, Жамайка Токонованын да уулу акын болсун деген батасын берди.
Андан ары Турат Жумаев, Изат Айдаркулова баштаган акындар жаат айтыш өткөрүп, кыргыз тилинин бүгүнкү абалын, аны өнүктүрүүдөгү ар бир кыргыз жаранынын чоң жоопкерчилигин ырга салып төгүштү. Иш-чара Зайырбек Ажыматовдун "Мен кыргызмын" аталышындагы ырын аткаруу менен аяктады.
Аталган иш-чарага Башкы прокурор Курманкул Зулушев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү да келишти.
Белгилей кетсек бүгүн 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тилдин 34 жылдыгы белгиленүүдө. 1989-жылы дал ушул күнү кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабыл алынган.