Белграддагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда Дүйнө чемпиону бул жеңишинен кийин көздөгөнү Олимпиада оюндары экенин белгиледи.
"Кудайга шүгүр, Дүйнө чемпиондугунда экинчи жолу алтын болуп жатат. Бардык мени колдогондорго, күйөрмандарыма терең ыраазычылык, бардыгыңыздарды жакшы көрөм. Буюрса, муну менен токтобойбуз, алдыда буюрса Олимпиада", - деди Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков финалда япониялык Кеничиро Фумита менен кез келип, аны 11:6 эсебинде жеңди. Муну менен Жоламан Шаршенбеков карьерасында төрт жолу Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, эки алтын медаль уткан Кыргызстандагы алгачкы балбан болду.