Кыргызстан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи

Кыргызстан Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына 5 медаль алып келишти.

Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, күмүш медалды Айпери Медет кызы, ал эми коло медалды Тайырбек Жумашбек уулу жеңип алды.

Азыркы учурда Кыргызстанда Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 5 лицензия бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан