Бүгүн, 24-сентябрда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталын өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аларды кытай тарап эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде өткөрүп берген. Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаал аймактарында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү максатын көздөйт.
“China Sinopharm International” фирмасынын мобилдик госпиталы атайын жол тандабас автоунаалардын базасында куралып, 19 түрлүү багыттагы унаалардан турат жана ар бир унаа өзүнчө функцияны камтыйт.
Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алуу, 20 чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо жана 8 орундуу интенсивдик терапия бөлмөлүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир госпиталды 60 адис тейлейт, 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул госпиталдар айттырбай келген ар кыл апааттардан адамдардын өмүрлөрүн сактаарына ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров кытай тарапка ыраазычылык билдирип, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырыла турганын айтты.
Президент Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери мындай мүмкүнчүлүктү туура колдонуу аркылуу Биргелешкен апааттык медицина кызматын уюштурууну аягына чыгарып, өнүккөн өлкөлөрдөй талаа медицинасын айкалыштырарына ишеним артты.
“Бул жабдуу өзгөчө кырдаалдар чыккан аймактарда ыкчам, жеткиликтүү жана квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө түрткү болот. Ушул жылы 1-февралда өрт өчүрүү техникаларын тапшырып жатып: “Куткаруучулук кесипти – эл сыймыктана турган кесипке айландырам”, - деп эл алдында айткан элем. Бүгүн да ошол сөзүмдү зор ишеним менен кайталай алам. Куткаруучу – келечекте эл сыймыктанган, жаштар дилгирленген кесиптердин бири болоруна терең ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент.