Эртең, 25-сентябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градус жылуу болсо,
Талас дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22 даражага жетет.
Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19 даража болот.
Борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +8…+10, күндүз +22…+24 жылуу болот.
Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.