30-сентябрда Ош шаарында жөө күлүктөрдүн жарышы болот. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, бул спорттук саамалык шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулуп жатат. Ал калаанын борбордук аянтында өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жарышка катышууну каалаган жарандар 30-сентябрда саат 08:00дө “Түбөлүк от” мемориалдык комплексинин жанында катталат. Ал эми мекеме-ишканалардын табыштамалары 29-сентябрга чейин Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин калыстар тобу тарабынан кабыл алынат.
Жарыш 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкта өтөт. Жөө күлүктөр төмөнкү жаш категориялары боюнча сыналат:
– мектеп окуучулары;
– студенттер;
– күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү;
– 25-65 жаштагы жарандар.
Жеңил атлетика боюнча жарышка дарыгердин уруксаты бар адамдар катыша алат. Жеңүүчүлөр эркектер жана аялдар арасында ар бир топ боюнча өзүнчө аныкталат. 1, 2, 3-орунду ээлеген катышуучулар баалуу белектер, дипломдор жана медалдар менен сыйланышат. Мектеп окуучулары менен студенттерге да баалуу сыйлыктар каралган.