
Чоң-Алай райондук электр тармагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда Чоң-Алай РЭТинин Дароот бөлүмүндө катардагы оңдоп-түзөө иштери боюнча электр мамычаларын, аба чубалгыларын жылдыруу иштери жүргүзүлүүдө.
"Капиталдык ремонттун негизинде Жекенди айыл өкмөтүндө 9 чакырым аба чубалгысы курулуп, ошондой эле ушул айдын башынан бери Кашка-Суу бөлүмүнө 2 кошумча көмөкчордон коюлуп, ишке кирүү алдында турат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Чоң-Алайда жалпы 4 миң 965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Учурда Чоң-Алай РЭТинде авариялык кырдаалдар дээрлик көп кездешпейт.